super.kg logo

Мухаммад ысымы Англия менен Уэльсте балдарга эң көп коюлганы белгилүү болду

 

Улуу Британиянын Улуттук статистика бюросу Англия менен Уэльсте 2024-жылы туулган балдардын каттоо маалыматтарына негизделген эң популярдуу аттардын рейтингин жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдиришти.

Маалым болгондой, балдардын арасында Мухаммад ысымы экинчи жыл катары менен эң көп берилген ысым экени аныкталды. Ал эми экинчи орунду Ноа, ал эми үчүнчү орунду Оливер ысымдарды ээледи.

Кыздардын арасында эң популярдуу ысым кайрадан Оливия жана Амелия экени маалымдалды. Үчүнчү орунда болсо Лили ысымы экени белгилүү болду.

Мухаммад атын жазууда бир нече вариант колдонулганы да маалымдалды. Бул ысым 5721 жаңы төрөлгөн балага ыйгарылып, Англиянын беш аймагында эң популярдуу ысым болуп эсептелген. Ал эми Уэльсте бул ысым 57-орунда турат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: