super.kg logo

АКШдагы мурунку өзөктүк курал чыгарган жайда радиоактивдүү аарынын уюгу табылды

 

АКШнын Түштүк Каролина штатындагы Саванна-Ривер аттуу мурун өзөктүк куралдардын бөлүктөрүн чыгаруучу жайда, радиоактивдүүлүк деңгээли мыйзамдуу чектен он эсе жогору болгон жапайы аарынын уюгу табылды. Бул тууралуу АКШнын Энергетика министрлигинин 3-июлдагы текшерүүсү учурунда жарыяланган отчётунда айтылат.

Маалыматка ылайык, уюкта жашаган аарылар жок кылынып, уюктун өзү радиологиялык калдыктар катары таңгакталып, атайын жол менен жок кылынган. Окуядан кийин аймакта башка аарылар табылган эмес жана бул кырдаалдын айлана-чөйрөгө же калк саламаттыгына зыян келтиргени аныкталган эмес.

Аарынын уюгу табылган устун - миллиондогон галлон суюк өзөктүк калдыктар сакталган танктарга жакын жайгашкан. Бирок адистер уюктун радиоактивдүүлүгү учурдагы агып кеткен калдыктардан эмес, "мурдагы объект ишмердүүлүгүнөн калган радиоактивдүү булгануудан” улам экенин билдиришти.

Саванна-Ривер комплекси 1950-жылдары атом бомбасы үчүн плутоний өндүрүү максатында түзүлгөн. Советтер Союзу менен болгон согуш маалында АКШнын өзөктүк программасында чоң ролду ойногон бул объект азыркы учурда негизинен тынч максаттагы өзөктүк энергия тармагында иш алып барат.

Энергетика министрлигинин отчетуна ылайык, уюкта аныкталган радиоактивдүүлүк деңгээли аарылар өздөрү көтөрүп жүрө алган деңгээлден кыйла жогору болгон. Адистер аарылар, адатта, уюктан бир нече жүз метр алыстай аларын белгилешип, бул уюктун объекттин ичиндеги 800 чарчы чакырымдык аймакта жайгашканын жана сырткы дүйнөгө коркунуч аз экенин айтышты.

Ошого карабастан, айлана-чөйрөнү коргоо уюмдары өкмөттүн бул окуяга карата мамилесин жетишсиз жана ачык эмес деп сынга алышты.

"Бул радиоактивдүү калдыктардын булагы кайдан? Эмне үчүн азыркыга чейин так айтылган жок?",- деди Savannah River Site Watch аттуу жарандык коом уюмунун өкүлү Том Клементс.

Savannah River Mission Completion маалыматы боюнча, бул объект иштеп турган маалда жалпысынан 625 миллион литр суюк өзөктүк калдыктар өндүрүлгөн. Азыркы тапта бул жерде 43 жер астындагы танк колдонулуп жатса, 8 танк толук жабылган.

Расмий өкүлдөр коомчулукка кайра-кайра "радиация тараган жок" деп ишендирип жатышкан менен, бул окуя мурдагы өзөктүк иштердин кесепеттери бүгүн да айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизе берерин дагы бир жолу көрсөттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: