27 жыл байланышта: Beeline туулган күнүндө белектерди тартуулайт
Кыргызстандагы GSM түйүнүндөгү эң биринчи чалуудан тартып, супер ылдам 4G интернетине жана алдыңкы технологияларга чейин — Beeline уюлдук оператору менен баары мүмкүн экенин дайыма тастыктап келет. Жана бул чек эмес.
Августтун биринчи күнү Beeline Кыргызстан өзүнүн 27 жылдыгын белгилейт. Бул жылдар аралыгында компанияда бир топ жакшы салттар пайда болду. Алардын бири — майрамдык маанай жана жагымдуу сюрприздер менен бөлүшүү.
Туулган күнүнүн урматына Beeline ар бир абонентине 2 ГБ интернет жана Beeline Россия, Beeline Казахстан номерлерине чалуу үчүн 30 мүнөт белекке берет. Белекти 1-августта *2300# командасы аркылуу же "Мой Beeline" колдонмосунда бир жолу алууга болот. Пакеттин жарактуулук мөөнөтү — активдештирилген учурдан тартып 24 саат. Бул азыр алыста жүргөн кымбат адамдарга чалып, жылуулук менен бөлүшүп, жан дүйнөңүздү эс алдырып, сүйүктүү контентти көрүүгө сонун мүмкүнчүлүк.
«Мындан 27 жыл мурун биз биринчи чалуубузду жасаганбыз жана ошондон бери аралыкка карабастан адамдарды байланыштыруу, ишенимдүү байланышты камсыз кылуу жана чексиз мүмкүнчүлүктөрдү ачуу миссиябызды чоң кубаныч жана сыймыктануу менен аткарып келебиз, — деп белгиледи Beeline Кыргызстандын башкы директору Андрей Пятахин. — Мындай күнү биз эң жакшы сезимдердин толкунундабыз, биринчи кезекте — кардарларыбызга, өнөктөштөрүбүзгө, кесиптештерибизге жана бардык кыргызстандыктарга чоң ыраазычылык билдиребиз. Ишенимиңиздер, кайтарым байланышыңыздар, жакшы болуу үчүн берген мотивацияңыздар үчүн рахмат. Биз биргелешип жаркын жана кызыктуу жолду басып өттүк — жана бул башталышы гана. Алдыда дагы көптөгөн ачылыштар, мүмкүнчүлүктөр жана жетишкендиктер күтүп турат. Биз менен бирге болуңуз жана байланышта болуңуз!»
Бул мүмкүн. Бул Beeline.
