АКШ Сенатында Украинага 54,6 миллиард доллар берүү сунушталды
АКШ Сенатында Украинага кийинки эки жылда 54,6 миллиард доллар бөлүүнү сунуштаган мыйзам долбоору пайда болду. Бул сумманын бир бөлүгү Орусиянын конфискацияланган активдеринин эсебинен болот. Бул тууралуу The New York Times жазды.
Мыйзам долбоору АКШ президентинин ыйгарым укуктарын кеңейтет, ага конгресстин макулдугун албай эле Украинага курал өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгүн берет. Басылма белгилегендей, бул мыйзам долбоорунун кабыл алыныш мүмкүнчүлүгү аз, анткени көпчүлүк республикачылар Дональд Трамптын тышкы жардамды кыскартуу саясатын колдошот.
31-июлда АКШ Сенатынын каражаттар боюнча комитети Украинага 2026-жылы 800 миллион доллар жардам көрсөтүүнү жактады. Андан сырткары, комитет Балтика өлкөлөрүнүн коопсуздук демилгеси үчүн 225 миллион доллар жана Бахрейн менен Иорданиянын каржылоосун көбөйтүү боюнча сунушту колдоду.
14-июлда АКШ президенти Дональд Трамп Киевге жаңы курал-жарактар менен техникаларды, анын ичинде Patriot зениттик ракеталык комплексин жеткирүүнү убада кылган. Ак үй башчысы Украинанын Куралдуу күчтөрүнө канча комплексти берерин так айтпаса да, Европалык союз АКШга алардын каражатын кайтарып берерин кошумчалады.
