АКШ Кубага дагы 118 мыйзамсыз мигрантты депортациялады
АКШ 118 мыйзамсыз мигранттан турган топту Кубага кайра депортациялады. Бул тууралуу Кариб өлкөсүнүн Ички иштер министрлиги социалдык тармактагы баракчасында маалымдаганын чет элдик басылмалар жазышууда.
Министрлик тактагандай, бул 2025-жылдын башынан бери уюштурулган 27-каттам. Жалпысынан быйылкы жыл ичинде аймактагы ар кайсы өлкөлөрдөн Кубага 833 адам кайтарылган, алардын ичинен 583 мыйзамсыз мигрант АКШдан келген жана алты каттам менен жеткирилген.
Буга чейин Ак үйдүн маалыматына ылайык, Дональд Трамптын администрациясы 100 миңден ашуун мыйзамсыз мигрантты кармап, өлкөдө убактылуу жашоого уруксат документтерди бар 500 миңден ашуун чет өлкөлүк жаранды артка кайтарып алган.
Ошондой эле CBS телеканалы менен YouGov компаниясынын сурамжылоосуна ылайык, америкалыктардын көбү Дональд Трамптын администрациясы жүргүзүп жаткан мыйзамсыз мигранттарды депортациялоо саясатын колдобой калышты.
