super.kg logo

Белгилүү ырчы Жастин Тимберлейк лайм оорусуна чалдыкканын билдирди  

 

Америкалык ырчы Жастин Тимберлейк лайм оорусуна чалдыкканын билдирди. Бул тууралуу ырчы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында маалымдады.

Ырчынын айтымында, концерт учурунда ал күчтүү невралгия, чарчоо жана баш айлануу сезимдерин башынан өткөргөн.

"Менде ден соолуктан көйгөйлөр бар эле, мага "лайм оорусу" деген диагноз коюлду. Муну аянычтуу көрүнүү үчүн эмес, жөн гана сахнанын артына чыкканда эмне менен күрөшүп жүргөнүмдү түшүнсөңөр деп жаздым",- деп билдирген ал.

Ошондой эле ооруп турса да гастролдорун улантканына сыймыктанарын кошумчалаган.

Жаздан бери Жастин Тимберлейк Эстония, Польша, Улуу Британия, Люксембург, Австрия, Грузия жана Азербайжан сыяктуу өлкөлөрдө концерт берген. Көпчүлүк күйөрмандар ырчынын чарчаганын, сахнага кечигип чыгуусун жана концерттердин эрте бүтүшүн сынга алышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: