Бүгүн коңшу Казакстанда Женнифер Лопес концерт коёт
Бүгүн, 1-августка караган түнү америкалык поп-жылдыз Женнифер Лопес Казакстандын борбору Астанага учуп келди. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.
Эл аралык атактуулукка ээ болгон ырчынын жеке учагы Египеттен учуп чыгып, Астананын аэропортуна түнкү саат экиде конгон.
Лопес бүгүн өзүнүн "Up All Night" аттуу дүйнөлүк турунун алкагында Казакстандын борборунда концерт берет. Концерт "Астана Арена" стадионунда өтөт. Массалык иш-чарага байланыштуу стадион аймагында унаа жүрүшү убактылуу чектелет.
Ал эми ырчынын Алматыдагы концерти 10-августта өтөт.
Буга чейин Astana Concert компаниясынын продюсери Малик Хасенов Женнифер Лопестин 1-августка белгиленген концерти өлкө бюджетине 400 миллион теңге киреше алып келерин жана 15 миңден ашык чет элдик турист келе турганын билдирген.
