Шаардын атын туура эмес жазган. Азербайжан орусиялык журналисттерден кечирим суроону талап кылды
Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү Тоолуу Карабактагы шаарга карата "Степанакерт" терминин колдонгону үчүн ТАСС маалымат агенттигинин кызматкерлеринен расмий түрдө кечирим суроону талап кылды. Тиешелүү билдирүү өлкөнүн дипломатиялык мекемесинин расмий порталында жарыяланды.
"Орусия тараптан азербайжандык топонимиканы бурмалоону токтотууну күтөбүз...",- деп айтылат маалыматта.
Бул билдирүү ТАСС агенттигинин макаласы жарыяланган соң жасалды. Басылма макаласында Ханкенди шаарындагы (армян калкы бул шаарды ар дайым Степанакерт деп атаган) орус сүрөтчүсү Иван Айвазовскийдин эстелигинин алынышы тууралуу маалымат берген.
Ал эми азербайжан тарап талаштуу аталышка ээ болгон бул жерден алынган белгилүү сүрөтчүнүн (Иван Айвазовскийдин) этникалык теги армян болгонун да өзгөчө белгилеген.
