super.kg logo
  Саясат  

Нарындагы чиновниктердин түн уйкусун бузган Шералиев көчөсүндө жол иштери уланууда

 
Нарын шаарындагы Шералиев көчөсүн реконструкциялоо уланууда, учурда жол асфальттоонун экинчи катмарына даярдалууда. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
Өлкөнүн транспорт министринин орун басары Талант Солтобаев, облус башчысы Нурбек Сатаров, Нарын шаарынын мэри Жайнак Немат уулу, Нарын шаардык кеңешинин төрагасы Жылдызбек Эсеналиев жана аталган жолдун курулушун аткарып жаткан “Бето Групп” ЖЧКсынын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөп жаткан облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Жолболду Көчкөнов, долбоорду аткаруучу фирма өкүлдөрү менен бирге жеринде жыйын өтүп, жолду реконструкциялоодо долбоорго кошумчаланган иштердин аткарылышы, сапаты менен таанышып чыгышты.
Учурда Ленин көчөсүн толук жабуу мезгили келгендигине байланыштуу Шералиев көчөсүн бүтүрүп пайдаланууга берүү керек болуп жаткандыгы белгиленип, жумушту күнү-түнү жүргүзүү пландалып, тийиштүү курулуш материалы менен камсыздоо маселесин жөнгө салып берүү талкууланды.
Белгилей кетсек, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Нарынга иш сапары менен барып, Нарындагы жол курулушу жеке көзөмөлүндө боло тургандыгын эскерткен.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: