super.kg logo

Португалия Палестина мамлекетин тааный турганын жарыялады

 

Португалия өкмөтү сентябрь айында Палестина мамлекетин расмий таануу ниети бар экенин жана бул боюнча керектүү жараяндарды баштай турганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Өкмөттүн маалыматында, Нью-Йорк шаарында 28–30-июль күндөрү Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынын алкагында өткөн Палестина маселесине арналган жогорку деңгээлдеги эл аралык конференцияда Португалия башка өлкөлөр менен бирге Палестина мамлекетин таануу маселесин караганы айтылды.

Ошондой эле Португалия өкмөтү бул багытта башка бир катар өлкөлөр менен бир пикирде жана Палестина мамлекетин таанууга кызыкдар экенин белгиледи.

Мындан тышкары, Португалия бийлиги Палестина мамлекетин сентябрь айында өтө турган БУУнун Башкы ассамблеясында расмий таануу үчүн өлкө президенти жана парламенттеги саясий партиялар менен кеңешүүлөрдү баштай турганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, буга чейин Франция, Улуу Британия, Канада жана Мальта да Палестина мамлекетин сентябрда тааный турганын билдиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: