super.kg logo

Орусияда мигранттар үчүн жаңы мамлекеттик төлөмдөр киргизилет. Тизме

 

Орусия президенти Владимир Путин өлкөнүн миграциялык саясатын өркүндөтүүгө багытталган мыйзамдарга кол койду. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.

Жаңы мыйзамда Орусияга иштөө максатында келген чет өлкөлүк жарандар үчүн кошумча мамлекеттик төлөмдөрдү киргизүүнү каралган.

Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володиндин айтымында, бул чаралар бюджетке кирешени көбөйтүүгө жана мигранттарга болгон көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган. Ошондой эле мыйзамсыз миграция деңгээлин төмөндөтүүгө жардам берери айтылды.

Чет элдик жарандар үчүн төмөнкүдөй мамлекеттик төлөмдөр белгиленди:

  • 4200 рубль - патент алуу же кайра каттоо үчүн

  • 4200 рубль - иштөөгө уруксат кагазынын мөөнөтүн узартуу үчүн

  • 2100 рубль - иштөөгө уруксаттын көчүрмөсүн алуу, документтерге өзгөртүү киргизүү же патенттин көчүрмөсү үчүн

  • 2100 рубль - чет элдик жумушчуларды тартууга уруксат берүүчү документтерге өзгөртүү киргизүү жана алардын көчүрмөлөрү үчүн

  • 1000 рубль - визасыз режимден тышкары убактылуу жашоону узартуу үчүн

  • 500 рубль - жашаган дарек боюнча каттоого туруу үчүн

Мыйзамдын негизинде азыркы айрым төлөмдөр да көтөрүлөт. Мисалы, жашаган жер боюнча каттоодон өтүү эми 1000 рубль болот.

Жаңы мыйзамдар 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: