Австралияда 44 грамм салмактагы жаңы чегиртке түрү табылды
Австралиянын түндүк-чыгышындагы Квинсленд штатында узундугу 40 сантиметрге жеткен жана 44 грамм салмактагы жаңы чегиртке түрү - Acrophylla alta табылды. Бул тууралуу ABC News кабарлады.
Жаңы түрдү изилдеп тапкан окумуштуулардын бири - Ангус Эммотт. Анын айтымында, аларга социалдык тармак аркылуу жөнөтүлгөн сүрөт кызыгуу жаратып, ошол негизде чегирткени издөөгө киришкен.
Эммотт чегирткенин жумурткаларын изилдеген соң, бул буга чейин белгисиз болгон жаңы түр экенине толук ишенген. Анын айтымында, жумурткалар башка түрлөрдөн айырмаланган өзгөчөлүктөргө ээ.
Бул чегирткенин эң чоң өзгөчөлүгү - салмагы. Ангус Эммотт "Acrophylla alta" чегирткеси Австралиядагы эң оор курт-кумурскалардын бири болушу мүмкүн экенин белгиледи.
Ал бул түрдүн мурда табылбай келүүсүнүн себеби катары, анын жашаган аймагына жетүү өтө кыйын экенин кошумчалады.
