Казакстанда 7-кабаттан аял киши кулап кетип, каза болду
Казакстандын Караганды аймагында жетинчи кабаттагы үйдүн терезесинен 44 жаштагы аял кулап түшүп, каза болду. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.
Маалым болгондой, окуя кечээ, 31-июлда болгон.
Күбөлөрдүн айтымында, аял окуядан мурун терезе алдында отурган, андан кийин күтүүсүз түрдө ылдый кулап түшкөн. Окуянын себептери азырынча расмий жарыяланган жок. Карагандынын облустук милиция башкармалыгынан билдиришкендей, окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.
Бул окуя Казакстанда акыркы апталарда көп кабаттуу имараттан кулап түшүү боюнча биринчи учур эмес. 30-июлда Павлодарда бир аял бешинчи кабаттын терезесинен эки баласын ыргытып, өзү да кулап түшкөн. Үчөө тең оор жаракат менен ооруканага жаткырылган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон.
Ошол эле күнү Алматыда бир кыз он төртүнчү кабаттан секирген. Жабырлануучу Казак улуттук университетинин биринчи курсунун студенти экени аныкталган.
Актау шаарында дагы бир үйдүн алдында 8-кабаттан кулап түшкөн деп шектелген аялдын сөөгү табылган. Маалыматтарга караганда, 29-июлда аял турак үйдүн алдында жайгашкан таштанды контейнерине кулаган. Окуянын видеосу социалдык тармактарда тараган. Бул факт боюнча да тергөө иштери жүрүп жатат.
