Чым-Коргондогу психиатриялык оорукана жаңыланууга муктаж. Министр тапшырмаларды берди








Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев психиатриялык жана наркологиялык жардам көрсөткөн адистештирилген мекемелерге иш сапары менен барды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Сапардын алкагында эксперттик ишмердүүлүктүн сапатын жогорулатууга жана жаңы мамлекеттик программаны даярдоого басым жасалды. Ошондой эле Чым-Коргон айылындагы Республикалык психиатриялык оорукананын капиталдык оңдоп-түзөөсүн баштоо маселелери талкууланды. Министр бөлүмдөрдү кыдырып чыгып, материалдык-техникалык абалы менен таанышып, кызматкерлер жана бейтаптар менен сүйлөштү.
Министр төмөнкүдөй тапшырмаларды берди:
- Чым-Коргон айылындагы Республикалык психиатриялык ооруканада капиталдык оңдоп-түзөө иштерин баштоо үчүн кыска мөөнөттө техникалык жана финансылык эсептөөлөрдү жүргүзүү;
- Психиатрия жана наркология кызматын өнүктүрүү боюнча жаңы мамлекеттик программаны иштеп чыгып, Саламаттык сактоо министрлигинин кароосуна киргизүү.
Маалыматына ылайык, стационарда учурда 319 бейтап дарыланууда, алардын ичинен 53ү соттун чечими менен мажбурлап дарыланууда.
01.08. 25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:08
2025-08-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.