super.kg logo

Германия: "Эки мамлекеттүү чечим процесси дароо башталышы керек"

 

Германиянын тышкы иштер министри Йоханн Вадефуль Палестинанын мамлекет катары таанылышы эки мамлекеттүү чечим процессинин соңунда гана мүмкүн болорун белгилеп, "Бирок мындай жараян дароо башталышы керек" деди.

Ал Израил менен Палестинага сапар алдында Берлинде берген билдирүүсүндө, Газадагы абал өтө оор болуп баратканын жана бул маселени тараптар менен талкуулай турганын билдирди.

Анын айтымында, Израил өкмөтүндөгү айрым күчтөрдүн аннексия (күч менен аймак кошуп алуу) тууралуу ачык коркутууларынын негизинде, Европа өлкөлөрүнүн айрымдары Палестина мамлекетин алдын ала таанууга барганга даяр болуп жатышат.

Сапары учурунда Вадефуль сүйлөшүүлөрдө негизинен үч билдирүүгө басым жасай турганын белгиледи:

  1. Израил менен Палестинанын ортосундагы чыр-чатакты тынчтык, коопсуздук жана ар-намыс менен жашоо шартын түзгөн туруктуу чечимге жеткирүүнүн жалгыз жолу — сүйлөшүү аркылуу эки мамлекеттүү чечим экенин билдирди.
  2. Палестинанын мамлекет катары таанылышы Германия үчүн эки мамлекеттүү жараяндын жыйынтыгы болушу керек. Бирок мындай жараян дароо башталышы керек.
  3. Германия бир тараптуу кадамдарга каршы чара көрүүгө аргасыз болот.

Вадефуль Германия Израил тарабында болорун дагы бир жолу белгилеп, Хамастын куралсыздануусун, Германия жарандары да бар туткундардын бошотулушун жана Хамастын Палестинадагы саясий таасиринин токтотулушун колдой турганын айтты.

"Хамас Израил үчүн башкача дагы коркунуч жаратууга мүмкүнчүлүк албашы керек",- деди ал.

Министр Израил Газадагы абалга тез арада, кеңири жана туруктуу чечим табышы керектигин айтып, Германия бул багытта жардам берүүгө даяр экенин билдирди. Ал жакынкы күндөрү Германия муктаждарга аба аркылуу гуманитардык жардам жөнөтүүгө катышарын жана жер аркылуу дагы жардам жеткирүү үчүн аракеттер жүрүп жатканын кошумчалады.

Вадефуль жер жолу аркылуу гана жетиштүү өлчөмдө жардам жеткирүүгө мүмкүн болорун баса белгилеп, Израил өкмөтүнө, БУУга жана башка эл аралык уюмдарга коопсуз кирүү жана эффективдүү бөлүштүрүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу чакырыгын жолдоду.

"Бул абдан ыкчам түрдө чечилиши керек",- деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: