Суусамыр - Талас - Тараз автожолун реконструкциялоо иштери башталды





Суусамыр - Талас - Тараз автожолунун IV фазасын реконструкциялоо иштери башталып, аткаруучу тарабынан жол курууга керектүү техникалар камсыздалды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Учурдагы иштердин алкагында жол жээгин тегиздөө, кеңейтүү, суу түтүктөрүн жылдыруу, бетон электр мамычаларын демонтаждоо иштери уланууда.
Жеринде 80ден ашык атайын техника, 65 жумушчу иш алып барууда. Долбоордун алкагында, 2 асфальт-бетон завод, 1 бетон завод, 2 таш талкалоочу жабдыкты орнотуу иштери жүрүүдɵ.
Жалпысынан реконструкция боло турган жолдун узундугу - 93 чакырым. Талас шаарынан башталып “Кичи-Капка” кɵзɵмɵл пунктуна чейин барат. Курулуш иштери 2025-2028-жылдардын аралыгында бүткөрүлөт. Долбоордун кепилдик мөөнөтү - 5 жыл.
Долбоордо 6 кɵпүрɵнү реконструкциялоо, 1 жер алдынан ɵтүүчү ɵтмɵк, калк жайгашкан жерлерде тротуар, жарыктандыруу каралган. Жолдун учурдагы III техникалык категориясы II техникалык категорияга чейин көтөрүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:40
2025-08-01

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.