super.kg logo

NASA Марстан табышмактуу тоголок таштарды тапты

 

NASAнын Персеверанс космостук аппараты Марстын бетинен дээрлик идеалдуу тоголок формадагы таш сымал түзүлүштөрдү - "сферулаларды" табуу менен окумуштууларды таң калтырды. Изилдөөчүлөр бул табылгалар Кызыл планетанын тарыхында орун алган жанар тоо атылуулары же метеориттин кагылышуусу сыяктуу кубулуштарга байланыштуу болушу мүмкүн деп болжолдошууда.

Быйыл, 5-июлда Марстагы миссиянын 1555-күнүндө (Sol 1555), Персеверанс аппаратынын робот колуна орнотулган WATSON камерасы бул тоголокчолорду "Роузелл дөңсөөсү" (Rowsell Hill) деп аталган аймакта сүрөткө тартып алган.

NASAнын окумуштуулары бул тоголок таштар жанар тоонун лавалары катуу муздап катып калган учурда же болбосо метеорит жерге урунганда эриген материал абада каткандан улам жаралган болушу мүмкүн деп түшүндүрүшүүдө.

Персеверанс буга чейин "Хэйр Бей" (Hare Bay) деген жерде ушул сыяктуу бир түзүлүштү тешип, үлгү алган. Андан соң "Вич Хейзел дөңсөсү" (Witch Hazel Hill) аймагындагы бош тоголокчолорду изилдеген. Кээ бир түзүлүштөр таш катмарлардан ажырап чыгып, жылдар бою жер бетине жеткен болушу мүмкүн деген пикирлер айтылууда.

Изилдөөнүн автору Эндрю Шумвей бул сферулалардын кантип жаралганын түшүнүү Марстын геологиялык тарыхын ачууда өтө маанилүү экенин белгиледи. Эгер алар метеорит кагылышынан жаралган болсо, Марстын баштапкы мезгилинде кандай космостук таасирлер болгонун көрсөтөт. Ал эми жанар тоо атылуусунун натыйжасында жаралган болсо, планетанын вулкандуу тоолоруу тууралуу маалымат берет.

Бул табылга NASA'нын Марстагы азыркыга чейин толук ачыла элек динамикалык тарыхына жаңы жолдорду ачышы мүмкүн. Персеверанс командасы өз ишин улантууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: