Түркияда 131 жаштагы аял каза тапты
Түркияда 131 жашка чыккан Ходи Гюркан дүйнө салды. Бул тууралуу Turkiye Today басылмасы кабарлады.
Ходи Гюркан 30-июлда түштүк-чыгыш Түркиянын Бинекли айылындагы өз үйүндө каза болду. Ал бүткүл өмүрүн ушул айылда өткөргөн. Үй-бүлөсүнүн айтымында, Гюркан 1894-жылдын 1-июлунда төрөлгөн.
Ходи Гюркандын жети баласы жана 110 небереси бар. Ал туулуп-өскөн айылында жерге берилди. Адистердин божомолунда, анын узак жашоосуна генетика, салттуу айыл турмушу жана Жер Ортолук деңизиндеги тамак-аш маданияты себеп болушу мүмкүн.
Бирок анын жаш курагы Гиннес рекорддор китеби же башка узак жашоо боюнча эл аралык уюмдар тарабынан расмий тастыктала элек.
Эгерде Ходи Гюркандын жашы чын болсо, ал дүйнөдөгү эң кары адам деген наамга талапкер болмок. Азыркы учурда бул наам испаниялык Мария Браньяс Морерага таандык, ал учурда 116 жашта.
Эске салсак, тарыхтагы эң узак жашаган адам франциялык Жанна Кальман болуп эсептелет, ал 122 жыл жашаган. Бирок анын жаш курагы боюнча азыркыга чейин күмөндөр бар. Ал эми документалдуу түрдө жаш курагы тастыкталган эң улгайган адам - япониялык Канэ Танака, ал 119 жыл 107 күн жашаган.
