Эми табиятты "техникалык бүркүт" кайтарат (фото)









Түп районунун Михайловка айылынын көл жээгиндеги аймагында Борбордук Азиядагы эң заманбап жана кубаттуу видеокөзөмөл системдердин бири болгон OPTIX GUARD расмий түрдө ишке кирди. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, бул инновациялык систем Европанын OPTIX компаниясы тарабынан иштелип чыгып, учурда техникалык тестирлөөдөн өтүүдө.
OPTIX GUARD - бул жөн гана камера эмес, жасалма интеллектке ээ көп функциялуу комплекстүү байкоо системи. Ал төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөргө ээ:
- 5 чакырым алыстыктан адамды тааныйт;
- 4 чакырым алыстыктан транспорт каражаттарын айырмалап билет;
- Түнкүсүн, туманда жана жамгыр шартында так иштейт;
- Сүрөттү 120 эсеге чейин жакындата алат;
- Лазердик алыстык өлчөгүч менен 0,5 метр тактыкта ченейт;
- 360 градус бурчта айланып, ар бир кыймылды көзөмөлдөйт.
"Бул - техниканын бүркүтү. Көзү түн ичинде да көрөт, багыты - жогорку тактык. Болгону - кадимки бүркүттөн да кубаттуу",- деп мүнөздөмө берди Кырдаалдык борбордун оператору.
Долбоордун алкагында дагы эки систем, тагыраагы, OPTIX MS One жана ZDZQ KCG01 Түп районунун Кутургу айылына жана Жети-Өгүз районуна орнотулду. Үч системдин тең маалыматтары Ысык-Көл ОИИБинин жана ИИМдин Кырдаалдык борборуна реалдуу убакыт режиминде түз берүү менен туташтырылган.
Бул системдер укук коргоо органдарына ыкчам чара көрүү мүмкүнчүлүгүн арттырып, коомдук жана экологиялык коопсуздуктун деңгээлин жогорулатууга багытталган.
Учурда бардык жабдуулар сыноо баскычында. Натыйжада эң эффективдүү систем тандалып алынып, Ысык-Көл облусунун стратегиялык маанидеги дагы сегиз объектине орнотулат.
Кыргызстан тарыхында биринчи жолу жаратылышты жана коомдук тартипти карапайым күзөтчү эмес, "техникалык жырткычтар" кайтара баштады. Алар түлкүнү бадал арасынан, браконьерди туристтердин арасынан таап чыгууга кудуреттүү.
Бул долбоор өлкөнүн Ички иштер министрлигинин колдоосу менен ишке ашып, Ысык-Көл жээгинде коомдук тартип менен экологиялык коопсуздуктун жаңы барагын ачууда.
техникалык бүркүт

