Таиланд менен тынчтык орнотууга салым кошкон. Камбоджа Трампты "Нобель" сыйлыгына көрсөтөт
Камбоджа АКШ президенти Дональд Трампты Таиланд менен болгон жаңжалды жөнгө салууга кошкон салымы үчүн "Нобелдин" тынчтык сыйлыгына көрсөтүүнү пландоодо. Бул тууралуу Камбоджанын вице-премьер-министри Сун Чантол билдиргенин The Wall Street Journal гезити жазып чыкты.
Чантолдун айтымында, америкалык лидер сыйлыкка ар кандай аймактардагы ишмердүүлүгү үчүн гана эмес, Камбоджа менен Таиланддын чек арадагы жаңжалын токтотууга катышканы үчүн да татыктуу.
Бул Трампты аталган сыйлыкка көрсөткөн экинчи учур болуп эсептелет. Буга чейин Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху да аны "Нобель" сыйлыгына сунуштаган.
24-июлда аскердик жаңжалга айланган чатактын башталышында Камбоджа менен Таиланд армиялары талаштуу чек ара тилкесинде ок атышкан. Кагылышууда кеминде 35 киши каза болгон.
АКШнын аралашуусунан кийин Дональд Трамп Таиланд жана Камбоджа ортосундагы куралдуу жаңжал токтомоюнча, соода келишимдерин түзбөй турганын жарыялаган. Тараптар согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин, Вашингтон соода сүйлөшүүлөрүн улантууга даяр экенин билдирген. Камбоджа менен Таиланд ортосундагы тынчтык 29-июлда күчүнө кирген.
