Бишкекте 2-августта "Айкөл Манастын" айкели ачылат
Эртең, 2-августта Бишкектеги борбордук Ала-Тоо аянтында "Айкөл Манас" эстелигинин ачылышы өтөт. Бул тууралуу айкелдин автору Тамила Маматова SUPER.KG порталына билдирди.
Иш-чара саат 18:00гө пландалууда. Ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият министри Мирбек Мамбеталиев, баш калаа мэри Айбек Жунушалиев жана башка саясий-коомдук ишмерлер катышат.
Айта кетсек, эстеликтин автору скульптор Тамила Маматова. Ал борбордук аянттагы эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун, кино режиссёру Геннадий Базаровго арналган эстеликтерди жасаган. Жалпы эсеп менен алганда анын 15 өлкөдө эмгеги бар.
Маматованын Манастын эстелигине байланыштуу коомдук сын-пикирлерге жооп бергенин жана эмгектери боюнча шилтемеден окуй аласыздар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:40
2025-08-01

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.