Тарыхта биринчи жолу Орусияга беденин, Японияга ашкабактын үрөнү экспорттолду





Айыл чарба министрлиги быйыл сапаттуу үрөн-көчөткө жана малды асылдандырууга өзгөчө көңүл бурганын кабарлады. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 6-айында эле 4 050 тонна жазгы үрөн даярдалды. Үрөн алуучулардын саны 2 653тү түзүп, 2024-жылга салыштырганда 2 эсе көп болду. Ал эми 12 миллион 152 миң көчөт даярдалып, былтыркыдан 3 эсеге же 279,8 пайызга көбөйдү. Мунун натыйжасында көчөт импорту азайды. Ошондой эле 22 көчөт питомниктери түзүлдү.
Өлкө тарыхында биринчи жолу 40 тонна беденин үрөнү Орусияга жана 1,6 тонна ашкабактын үрөнү Японияга экспорттолду. "Үрөнчүлүк жана питомниктерди өнүктүрүү" долбоору аркылуу 100 миллион сом өлчөмүндө 3 пайыздык жеңилдетилген кредиттер 5 жылга үрөнчүлүк чарбаларга жана питомниктерге бериле баштады.
Тоют даярдоо максатында, жогорку түшүмдүү "сорго" өсүмдүгүнүн "Судан" гибридин өлкөбүздүн аймактарына жайылтуу иштери жүрүүдө. Бул өсүмдүк гектарынан 100 тонна жашыл масса берет. Жогорку кирешелүү "Ферула" дары өсүмдүгүн өстүрүүнү аймактарда жайылтуу жүргүзүлүп жатат. Бул дары өсүмдүгүнүн 1 килограмм смоласы 200 доллардан Кытайга, Индияга экспорттолуп жатат.
Министрликте биринчи жолу ири мүйүздүү малды жасалма уруктандыруу үчүн 60 миллион 826 миң сом бөлүнүп, асыл тукум букалардын 270 миң доза уругу алынып, техник-осеменаторлорго бекер таратылып жатат. Ветеринардык жардам көрсөтүү, профилактикалык дарылоо иш-чараларын жүргүзүү максатында Ветеринардык кызматка 40 Нива кызматтык автоунаасы берилди.

