super.kg logo

Бишкектин борборунда жаңы кичи арена курулууда (фото)

 

Борбор калаанын мэри Айбек Джунушалиев 5 миңден ашык көрүүчүгө ылайыкталган Дөлөн Өмүрзаков атындагы кичи аренанын курулушун текшерди. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта калаа мэриясынан билдиришти.

Аталган объект Тоголок Молдо көчөсүндө курулуп, 80 унаага ылайыкталган жер астындагы унаа токтотуучу жай менен жабдылат.

Мэр үч кабат жана жер төлөдөн турган аренанын аймагын жана имаратын көрүп чыкты. Комплекстин жалпы аянты 15 342 чарчы метр. Подрядчы "Евразия Строй Сервис" ЖЧКсы экени айтылды.

Жаңы арена спорттук мелдештерге гана эмес, маданий иш-чараларды өткөрүүгө да арналган.

Бүгүнкү күндө участокто сэндвич-панелден чатыр орнотулуп, ички инженердик тармактары тартылып, биринчи жана экинчи кабаттарын бүтүрүү иштери уланууда. Ошондой эле гипсокартон барактарынан жасалган тосмолор орнотулуп, ванна бөлмөлөрүнө кафель төшөлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: