Калифорния университети айрым федералдык каражаттардан ажырады
АКШнын Калифорния университети (UCLA) федералдык өкмөт тарабынан айрым изилдөө фонддорунун токтотулганын маалымдады. Себеби катары университет кампусундагы "антисемитизм айыптоолору" көрсөтүлгөн.
АКШ федералдык бийлиги соңку айларда өлкө боюнча университеттерге, айрыкча Палестинаны колдогон акциялар өткөрүлгөн окуу жайларга басым көрсөтүүнү улантууда.
UCLAнын ректору Хулио Френк университеттин расмий сайтында жарыяланган билдирүүсүндө Улуттук илим фонду, Улуттук саламаттык сактоо институту жана башка мекемелер аркылуу бөлүнгөн айрым изилдөө каражаттары токтотулганы тууралуу расмий кабар алганын айтты.
Френктин айтымында, федералдык өкмөт фонддордун токтотулушуна себеп катары кампустагы антисемитизм жана жек көрүүчүлүккө байланыштуу даттанууларды көрсөткөн.
"Бизге жөнөтүлгөн расмий катта федералдык өкмөт себеп катары антисемитизм жана жек көрүүчүлүк айыптоолорун көрсөткөн. Изилдөөлөргө берилген каражаттарды токтотуу өңдүү кеңири санкция эч кандай жагдайда мындай кысым көрсөтүүлөрдү токтотууга жардам бербейт",- деп белгиледи ал.
Буга чейин, 30-июлда АКШнын Юстиция министрлиги UCLA университети Израилдик жана еврей студенттерге болгон чабуулдарга "кастык менен көңүл бурбай койгон" деген айып менен Жарандык укуктар жөнүндө мыйзамды бузду деп жарыялаган.
"Юстиция министрлиги Калифорния университетине еврей улутундагы америкалыктарды коркунучка кабылганы үчүн оор жоопкерчилик жүктөйт. Университетке караштуу кампустар боюнча иликтөөлөр уланат",- деп жазылган билдирүүдө.
