Германия Украинага эки Patriot системин берет
Бүгүн, 1-августта Германия АКШ менен түзгөн келишимге ылайык, Украинага эки Patriot зениттик ракеталык системин берерин билдирди. Reuters агенттиги кабарлагандай, бул келишим боюнча Берлин жаңы системдерди алууда биринчи орунда турат.
Германиянын коргоо министри Борис Писториус билдиргендей, Германия баштапкы этапта Украинага ракеталык учуруучу орнотмолорун берип, андан кийин Patriot системинин кошумча компоненттерин жеткирет.
Писториустун айтымында, Германияда баштапкы 12ден болгону 6 Patriot комплекси калган. Алардын үчөө Украинага берилген, экөө Польшага жайгаштырылган, дагы бири украин аскерлерин окутуу максатында колдонулууда.
21-июлда "Рамштайн" форматындагы Украина коргоо контакттык тобунун онлайн жыйынында Писториус АКШнын коргоо министри Пит Хегсетке Украинага дагы 5 Patriot системи керек экенин билдирип, аларды тез арада жеткирүүгө көмөктөшөрүн убада кылган.
Андан кийин Германия канцлери Фридрих Мерц жана Норвегиянын премьер-министри Йонас Гар Стёре Украинага аба коргонуу системин бекемдөөгө каржылык колдоо көрсөтөрүн жарыялашкан.
