super.kg logo

«Үй-бүлө Премиум» тарифинин ээси менен достошуунун себеби

 

«Үй-бүлө Премиум» тарифин кошуу үчүн сөзсүз эле бир үй-бүлөдөн болуш шарт эмес. Эң башкысы – азыраак төлөп, көбүрөөк мүмкүнчүлүккө ээ болууну каалаган үч кишиден турган топту түзүү. Мисалы, сиз менен эки досуңуз же кесиптешиңиз, же болбосо бир подъездде жашаган коңшуларыңыз. Үчөөңөр, ал тургай андан көп киши биригип, чексиздик, интернет жана ТВ үчүн азыраак төлөгүлө.

Азыр бул тариф акция менен айына болгону 1490 сом турат. Эгер бул сумманы үчкө бөлсөңөр, ар бириңерге 500 сомго жетпеген акча чыгат. Ал эми бул бир кишиге айына 850 сомдон туура келген кадимки чексиздикке караганда кыйла арзан.

Ар бир катышуучу эмнелерге ээ болот:

  • смартфонуна чексиз интернет жана О! түйүнүндө акысыз байланыш;
  • эч кандай чектөөсүз Wi-Fi акысыз таратуу;
  • КР башка мобилдик түйүндөрүнө 100 мүнөт.

Ал эми бирөөңөрдүн үйүңөрдө Saimaдан 500 Мбит/с чейинки ылдамдыктагы үйдөгү интернет, АКЫСЫЗ фирмалык гигабиттик роутер менен ТВ-приставка, 220дөн ашуун ТВ-канал жана 5 онлайн-кинотеатрды көрүү мүмкүндүгү пайда болот. Андыктан шерине уюштуруп, үйдүн ээсине тез-тезден кирип туруш үчүн шылтоо табылат – чогуу кино көрөсүңөр, вайфай менен бөлүшөсүңөр жана чайлашасыңар.

Кошуу оңой эле: «Мой О!» тиркемесинен же O!Store дүкөндөрүнүн биринен. Бирок алдын ала жабдуу орнотула турган дарек боюнча Saima интернетинин жеткиликтүү экенин текшерип алгыла.

Акция 2025-жылдын 31-августуна чейин өтөт жана кошкондон кийин 100 күн уланат. Андан ары 1990 сомдук стандарттуу баа күчүнө кирет. Анда деле үч кишиге бөлгөндө абдан эле пайдалуу болот.

Кээде үнөмдөө үчүн биригүү жетиштүү.

КР МБТМК караштуу МБА 06.12.2016-ж. №16-0062-КР, №16-0063-КР лицензиялары.
КР МБТМК караштуу МБА 24.11.2003-ж. № 03-292-КР лицензиясы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: