Кыргызстан менен Кытай айыл чарба тармагында кызматташууну күчөтөт




Айыл чарба министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев Кытайдын айыл чарба жана айылдык иштер министри Хань Цзюнь жана анын орун басары Чжан Чжили менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жолугушуу Кытайдын Куньмин шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мүчө-өлкөлөрүнүн айыл чарба министрлеринин 10-жыйынынын алкагында өттү.
Анда агрардык тармактагы кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары, соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү маселелери талкууланды. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын агроөнөр жай продукциясын Кытайга экспорттоого мүмкүндүк түзгөн протоколдорду кабыл алуу жол-жоболорун тездетүүгө бурулду.
Тараптар бул багыттагы аракеттерди жандандырууга даяр экенин билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар экендиктерин ырасташты.
