super.kg logo

Бет капчан киши бул жолу 5 балалуу жалгыз бой энени кубантты (видео)

 

Бет капчан киши (Человек в маске) бул ирет казакстандык Айназик аттуу жаранга жардам берди.

Белгилүү болгондой, ал 5 кызды жалгыз тарбиялап келет. Ортончу кызы аутизм менен жабыркайт. Үй-бүлө батирде турушат.

"Беш кызым бар. Ортончу кызым аутизм менен жабыркайт жана көзү азиз. Аны жумушка ээрчитип барам. Белиме жип менен байлап, көтөрүп алам. Кечинде кафеде пол жууп, иштейм.

Батирде турабыз. Улуу кызымдын жашы 17де. Талаада балдар зордуктап, психологиялык травма алды. Азыр кыйкырып, бөлмөсүнөн чыкпайт. Тергөө иштери жүрүп жатат", - деди Айназик айым.

Ошондой эле ал бир учурда батир акысын бере албай көчөдө калганын, ал учурда уулунан ажырап калганын эстеп ыйлады.

"Батир акысын бере албай көчөдө калганбыз. Ошол кезде колумда балам бар эле. Ал жүрөк кемтигинен каза болуп калды", - деди ал.

Бет капчан киши ага кыздарынын дарылана турганын айтып, батирдин ачкычын тапшырды.






02/07/25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: