super.kg logo
  Саясат  

Касымалиев курулуш кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн, 2-августта Кыргызстандын курулуш тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Белгилей кетсек, быйыл өлкөдө биринчи мамлекеттик курулуш органы түзүлгөнүнө 100 жыл толду.

"Бул маараке бир кылым ичиндеги элибиздин жаратман, күжүрмөн эмгегинин символу. Ушул 100 жылда эл жаңырып, жер жаңырып, шаарлар жана айылдар түптөлүп, жолдор, көпүрөлөр, мектептер, ооруканалар, завод-фабрикалар жана гидроэлектр станциялары курулду. Алардын арасында элдин эпкиндүү демилгесинин үлгүсү болгон Чоң Чүй каналы жана кыргыз энергетикасынын туусу болгон Токтогул ГЭСи бар. Сиздердин эмгек эгемендүү Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түздү. Сиздер тургузган ар бир курулуш объектиси өлкөбүздүн келечегинин жана гүлдөп-өнүгүүсүнүн белгиси.

Бүгүнкү күндө 2023–2030-жылдардагы Улуттук өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун алкагында курулуш тармагы стратегиялык мааниге ээ болууда. Өлкөдө турак жай куруунун темпин бир калыпта кармоо, транспорттук жана коммуналдык инфраструктураны модернизациялоо, региондордогу куруу иштерине күчтүү дем берүү сыяктуу масштабдуу максаттар алдыбызда турат. Сиздердин кесипкөй жана ак ниет эмгек менен бул максаттар ишке аша турганына биз ишенебиз.

Курулуш тармагынын түптөлүшүнө эмгек сиңирген, кийинки муундарга билимин жана тажрыйбасын берген ардагерлерге терең ыраазычылык билдирем.

Сиздерге чың ден соолук, тынчтык, ийгилик, үй-бүлөлүк бакубат жашоо жана элге кызмат кылуунун бийик ыракатын каалайм!” - деп айтылат куттуктоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: