Индонезияда Левотоби жанар тоосу атыла баштады
Индонезиянын Флорес аралында жайгашкан Левотоби жанар тоосу атыла баштады.
Өлкөнүн улуттук вулканология агенттиги маалымдагандай, күлдүн көтөрүлгөн бийиктиги 10 чакырымга жетти. Буга байланыштуу агенттик жума күнү шашылыш билдирүү таратып, ага жакын аймактагы тургундарды көчүп кетүүгө чакырган. Акыркы айларда Левотоби Лаки-лаки жанар тоосунун активдүүгү жогорулаган.
Левотоби – Индонезиядагы эң активдүү жанар тоолордун бири. Ал эки чокуга ээ: эң активдүүсү — Левотоби Лаки-лаки (1584 метр), ал Перемпуан чокусунан (1703 метр) 2 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Индонезия Тынч океандык "оттуу шакек" деп аталган аймакта жайгашкан. Бул аймак жер титирөөлөр жана жанар тоолордун активдүүлүгү менен белгилүү. Өлкөдө 500дөн ашык жанар тоо бар, алардын болжол менен 130у азыр активдүү абалда.
Буга чейин, 7-июлда Левотоби Лаки-лаки жанар тоосу асманга 19 чакырымга чейин күл чачып, андан улам улуттук вулканология агенттиги кооптуулук деңгээлин жогору көтөргөн болчу.
