"Эң кымбат белек – ар бир жашты аман-эсен тосуп алуу". Ырчы Съездбек Искеналиев 45 жашка толду
Бүгүн, 2-августта Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Съездбек Искеналиев 45 жашка толду.
Ал 1980-жылы 2-августта Нарын облусунун Кочкор районундагы Кызыл-Дөбө айылында туулган. 1986–1996-жылдары Кызыл-Дөбө орто мектебин аяктап, 1996-жылы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын кыргыз улуттук аспаптар бөлүмүнө тапшырган. Кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун менеджер бөлүмүн бүтүргөн.
2000-жылдан тарта кыргыз эстрада чөйрөсүнө аралашып, жеке ырчы катары эмгектене баштаган. Ал музыкалык окуу жайда окуп жүргөндө эле обон чыгаруу менен алектенип, “Өмүр деген”, “Басар жолдо” жана башка ырларын жазган. Ырчы "Селки" ыры менен атактуулукка жеткен. Ырчылыктан тышкары тасмаларда роль жаратып, режиссёрлук жаатында да өзүн сынап келет.
Искеналиев кино тармагында алгач 2007-жылы Эрнест Абдыжапаровдун "Боз салкын" тасмасындагы Мураттын ролун аткарган. Кийин Айбек Дайырбековдун "Жээк" кыска метраждуу тасмасында эпизоддук ролду, "Кайып булак" тасмасында башкы каармандын биринин образын жараткан. Ошондой эле "Карт бойдок", "Беш миң сом", "Аманат" тасмаларына роль жаратып, продюсерлик кылган.
Ырчы туулган күнүн үй-бүлөсүнүн курчоосунда тосуп жатканын сөз кылды.
"Туулган күнүм жакшы маанайда, сонун башталды. Эң башкысы, жакындарым, айланамдагы курчап жүргөн адамдар аман-эсен. Мен үчүн бул жашоодогу эң чоң белек. Санаа-көңүлүм тынч.
Бара-бара туулган күндү үй-бүлөңдүн, жакындарыңдын айланасында өткөрүп калат экенсиң. Балдарым торт буйрутма берип коюшуптур, ичим жылып, сүйүндүм.
Эң кымбат белек — ар бир жашты аман-эсен тосуп алганын болсо керек", - дейт ырчы мырза.
Буга удаа ал "Дарыгер" сериалында психиатрдын ролун аткарганын айтып, жакын арада тасма элге тартууланарын кошумчалады.
Съездбек Искеналиев жубайы Жаркынай менен 1 уул, 4 кызды тарбиялап келишет.
2-августтун жылнаамасы.
