Борбор калаада Айкөл Манас эстелигинин ачылышы өттү (видео)







Кечээ, 2-августта Бишкектеги борбордук Ала-Тоо аянтында Айкөл Манас эстелигинин ачылышы өттү. Ага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият министри Мирбек Мамбеталиев, баш калаа мэри Айбек Жунушалиев жана башка саясий-коомдук ишмерлер катышты.
"Манас – бул жөн гана дастандык каарман эмес, ал – кыргыз элинин тарыхын, маданиятын, жан дүйнөсүн даңазалаган түбөлүктүү деми. Ал элдин биримдигин бекемдеп, эгемендикке умтулган эр жүрөк муундардын башын бириктирген руханий тирек. Бүгүнкү технология өнүккөн доордо да руханиятсыз эл алдыга жылбайт. Манас ата – ошол рухтун жандуу үлгүсү жана уңгулуу жолу. Анын айкөлдүк философиясы жаштарга жол көрсөтчү жарык. Жаратмандык, ыйман, сабырдуулук жана адилеттик – мына ушул сапаттар келечек ээлерин адам кылат", - деди Байсалов.
Айта кетсек, эстеликтин автору скульптор Тамила Маматова. Ал борбордук аянттагы эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун, кинорежиссёру Геннадий Базаровго арналган эстеликтерди жасаган. Жалпы эсеп менен алганда анын 15 өлкөдө эмгеги бар.
Маматованын Манастын эстелигине байланыштуу коомдук сын-пикирлерге жооп бергенин жана эмгектери боюнча шилтемеден окуй аласыздар.
03.08.25

