Шымкентте таштанды челектен 26 жаштагы кыздын сөөгү табылды
Казакстандын Шымкент шаарында 21-июлдан бери изделип жаткан 26 жаштагы кыздын жансыз денеси таштанды челектен табылды. Бул тууралуу Tengrinews.kz. басылмасы жазды.
Шаардык полиция кызматынын маалыматына ылайык, кылмышка шектелген адам кармалган.
"Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү кармалып, СИЗОго киргизилди. Учурда бул иш боюнча окуянын бардык жагдайларын аныктоого багытталган комплекстүү иликтөө иштери жүрүп жатат", - деп билдирген полиция.
Маалым болгондой, 1999-жылы туулган Д.Т. 21-июль күнү Нурсат кичи районундагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгон. Аны издөө тууралуу маалыматты LIDER.KZ волонтёрдук уюму Instagram баракчасына жарыялаган. Кийинчерээк милиция кыздын сөөгү таштанды контейнеринен табылганын билдирген.
