Камчаткада Крашенников жанар тоосу 600 жылдан бери биринчи жолу атылды




Камчаткада Крашенников жанар тоосу 600 жылдан бери биринчи жолу атылганын орусиялык басылмалар жазышты.
Камчаткадагы жанар тоонун атылышына көз салган топтун жетекчиси Ольга Гиринанын айтымында, учурда ал жерде лава топтолуп, буу жана газ активдүүлүгү байкалууда. Түндүк кратердин үстүн күлдөн калың булут каптап, анын чаңы чыгышты көздөй тараган.
Илимпоздор бул сейрек кездешчү көрүнүштү июль айынын аягында болгон күчү 8.8 баллга жеткен зилзалага байланыштуу деп божолдоп жатышат.
Белгиленгендей, Крашенников жанар тоосу акыркы ирет алты кылым мурун активдешкен.
Ал эми адистер бул кубулуш боюнча байкоолорун улантууда.
03.08.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.