super.kg logo
  Саясат  

Парламентте “Жогорку Кеңештин медалы жөнүндө” маселе каралууда

 

Парламентте бүгүн, 15-январда “Жогорку Кеңештин медалы” жөнүндө маселе каралууда. Мыйзам долбоору боюнча депутат Эркин Алымбеков суроолорго жооп берүүдө. Анын айтымында, бул медаль менен сыйланган адамдын маянасына эч кандай акчалай кошумчалар болбойт. “Медаль депутаттарга стимул берүү үчүн түзүлүүдө. Медаль алган адам конокко барганда аны төшүнө тагынып алса сыймык. Эмгек кылган адамдарды баалап койгонубуз ашыкча эмес”,- деди депутат.

Белгилүү болгондой, бул мамлекеттик сыйлык эмес. Буга айрым депутаттар каршы чыгышты. Депутат Анарбек Калматов “Бул сыйлык мамлекеттик эмес болсо, анда грамотадан айырмасы жок болуп жатпайбы? Биротоло мамлекеттик кылып койсок болбойбу?” деди.

Демилгечилердин бири Каныбек Иманалиев “Грамотаны алгандан кийин чемоданга салып коёсуң. Ал эми медалды майрамдарда, бала-чаканын алдында тагынып жүрүү жакшы нерсе да. Мамлекеттик сыйлык кылууга каражаттын жоктугун айтып өкмөт каршы болгон” деп жооп берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: