super.kg logo

Эмгек министрлиги: “Социалдык контракттын" алкагында алгачкы миллионерлер пайда болду"

 
Быйыл “Социалдык контракт” келишиминин өлчөмү 100 миң сомдон 150 миң сомго чейин көбөйдү. Бул тууралуу Эмгек министрлигинин коллегиясынын жыйынында айтылды.
Аталган программа – аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү активдүү катышууга шыктандыруу, алардын материалдык абалын жакшыртуу жана чакан бизнести колдоо максатын көздөйт.
"Ушул жылы 13 333 аз камсыз жана жакыр үй-бүлө жогорулатылган жардам суммасы менен программага катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында 6046 арыз тапшырылып, алардын ичинен 2241 үй-бүлө социалдык контрактты алган. Жалпы программа 9078 адамды камтыйт, алардын арасында 4508 бала жана 45 майыптыгы бар адам бар.
"Социалдык контракт" багыттары боюнча долбоорлордун 68,9% айыл чарбасына, 11,9 пайыз өндүрүшкө, 10 пайыз кызмат көрсөтүү тармагына, 9,2 пайыз соодага туура келет", - деп белгиледи ведомство.
Социалдык контракттын катышуучулары бекитилген бизнес-планга ылайык өз ишкердик демилгелерин өнүктүрүү үчүн үч жылдык мөөнөткө чейин 200 000 сомго чейинки пайызсыз насыя алууга мүмкүнчүлүк алышат. Пайызсыз насыя берүү механизми ишке киргизилгенден бери мындай колдоого 254 жаран ээ болду.
Программанын аткарылышы министрлик кызматкерлери жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын эксперттери менен биргеликте жүргүзүлгөн мониторинг аркылуу бааланды. Ийгиликтүү бизнес багыттары катары өндүрүш, соода-сатык, кызмат көрсөтүү багыттары белгиленди.
Мындан тышкары алгачкы жолу жылдык кирешеси 1 миллион сомду түзгөн «беш миллионер» – жогорку кирешеге жетишип, бизнесин кеңейткен жана жаңы жумуш орундарына шарт түзгөн катышуучулар аныкталды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: