super.kg logo

Түркия Орусия менен Украинанын сүйлөшүүлөрү боюнча маалымат берди

 

Түркия тарап Орусия менен Украина ортосундагы төртүнчү сүйлөшүү үчүн расмий суроо-талап албагандыгын, бирок ар дайым ортомчулукка даяр экенин билдирди. Бул тууралуу түрк басылмалары жазышты.

Маалым болгондой, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын администрациясы азырынча Орусия менен Украина ортосундагы төртүнчү раунд сүйлөшүүлөрүн өткөрүү боюнча расмий суроо-талап келбегенин маалымдады. Бирок Түркия ар дайым тынчтык орнотуу процессине арачылык кылууга даяр экенин баса белгиледи.

Администрация өкүлү: "Азырынча мындай сигналдар жок. Эгер конкреттүү сунуштар келип түшсө, сөзсүз кабарлайбыз",- деди.

23-июлда Стамбулда Орусия менен Украина үчүнчү түз сүйлөшүүнү өткөрүшкөн. Ал жыйында эки тарап туткундарды алмашуу боюнча "1200 адамга 1200 адам" формуласы боюнча макулдашып, Москва үч жумушчу топ түзүп, кеңири консультацияларды улантууну сунуш кылган.

Бирок Орусиянын делегациясын жетектеген Владимир Мединский белгилегендей, эки тараптын меморандум долбоорлорундагы көз караштарында чоң айырмачылыктар бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: