ХАМАС Газага гуманитардык жардам ташыган унаалардын өтүүсүнө уруксат берүүнү талап кылды
Палестиналык ХАМАС кыймылы Израил менен сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн Газа секторуна жүздөгөн гуманитардык жардам ташыган унаалардын тоскоолсуз өтүшүн талап кылууда. Бул тууралуу Jerusalem Post басылмасы жазды.
Маалыматта гуманитардык кризисти жеңүү үчүн күн сайын ири көлөмдөгү жардам жеткирүүнүн зарылдыгы белгиленген.
Ошол эле маалда, 3-августта Египеттин Al Qahera News телеканалы 5 айдан кийин биринчи жолу Египеттен Газа секторуна "Рафа" көзөмөл өткөрмө пункту аркылуу күйүүчү май жүктөгөн унаалар өткөнүн кабарлады. Газага эки унаа кирип, алар 107 тонна күйүүчү май алып келишкен. Бул операция Египеттин Кызыл Ай уюмунун жетекчилигинде жүрдү.
Буга чейин Бириккен улуттар уюму Израилдин блокадасынын кесепетинен Газада бир миллиондон ашык бала гуманитардык жардам ала албай жатканын билдирген.
