Йеменде мигранттардын кемеси чөгүп, 68 адам каза болду
Йемендин түштүгүндөгү Абьян аймагынын жээгинде мыйзамсыз мигранттарды ташып бараткан кеме оодарылып кетип, каза болгондордун саны 68ге жетти. Бул тууралуу Абьяндын Зинжибар шаардык саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн жетекчиси Абдулкадир Бажмил билдирди.
Анын айтымында, каза тапкандардын арасында бир йемендик да болгон. Бардык маркумдар жерге берилген. Кемеде 100дөн ашык эфиопиялык мыйзамсыз мигранттар болгондугу айтылып, ондогон адамдар азыркыга чейин дайынсыз болууда. Издөө иштеринин жүрүп жатканын Бажмил белгиледи.
Буга чейин йемендик басылмалар кеменин оодарылышынан улам 20 адам каза болуп, көпчүлүгү дайынсыз жоголгонун кабарлашкан.
Маалымат үчүн: Йемен негизинен Эфиопия жана Сомали сыяктуу Африка Мүйүзү өлкөлөрүнөн чыккан мыйзамсыз мигранттар үчүн өтмөк катары саналат. Көпчүлүк африкалык мигранттар Сауд Арабиясы жана башка Перс булуңундагы өлкөлөргө жетүү максатында Жибути аркылуу Йеменге өтүшөт.
