Түштүк Корея Түндүк Корея менен чектешкен аймактарындагы үгүт колонкаларын алып салууда
Бүгүн, 4-августта Түштүк Кореянын аскерлери Түндүк Корея менен чек арада жайгашкан пропагандалык үгүт берүүчү колонкаларды алып салуу иштерин башташты. Бул тууралуу Сеулдун "Рёнхап" агенттиги өлкөнүн Коргоо министрлигине шилтеме берүү менен билдирди.
Бул кадам Түштүк жана Түндүк Кореянын ортосундагы чыңалууну азайтуу максатында жасалууда.
Түштүк Корея 2024-жылдын июнь айында алты жылдык тыныгуудан кийин, Түндүк Кореяны дарегине карата үгүт берүүнү кайра жандандырган. Бул Түндүк Корея тарабынан чек ара аркылуу таштандылар толтурулган аба шарларын кайра-кайра учуруп өткөрүлгөнүнө жооп катары жасалган.
Үн берүү программаларына жаңылыктар, чек арада турган Түндүк Кореянын аскерлерине Түштүк Кореяга качууга үндөгөн чакырыктар, ошондой эле Түндүк Кореяда тыюу салынган K-pop музыкасы кирген. Сеулдун билдирүүсүнө караганда, бул үн күчөткүчтөр күндүз 10 чакырымга, түнкүсүн 24 чакырымга чейин угулат.
11-июнда Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Мен чек ара аймактарындагы үгүт берүү ишин токтотуу буйругун берген. Бул чечим түндүк менен чыңалган мамилени жумшартуу аракети катары бааланууда.
Аталган аракеттер өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн даярдык деңгээлине эч кандай таасир этпей турганы да айтылды.
