Президентти сындаган түркмөнстандык эки блогер дайынсыз болууда
Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму 30-июлда билдирүү таратып, Түркияда 24-июлдан бери дайынсыз жоголгон түркмөн блогерлери Алишер Сахатов жана Абдулла Орусов боюнча кооптонуусун билдирди.
Маалыматка караганда, экөө тең ошол күнү Түркиянын депортациялык борборунан бошотулган болушу мүмкүн. Бирок алар андан кийин үйүнө кайтып келишкен эмес, байланыш да үзүлгөн.
HRW'дин Европа жана Борбор Азия боюнча директорунун орун басары Рейчел Денбер: "Алишер Сахатов менен Абдулла Орусов Түркияда зыянга кабылышы же жашыруун түрдө Түркмөнстанга депортацияланышы ыктымал. Түркия бийлиги бул адамдардын дайынсыз жоголушу боюнча тез жана натыйжалуу иликтөө жүргүзүшү керек жана алардын Түркмөнстанга кайтарылышына жол бербеши зарыл, анткени ал жакта аларды кыйноо жана куугунтуктоо күтүп турушу мүмкүн",- деди.
Түркмөнстандын Хельсинки фонду билдиргендей, Сахатовдун акыркы жолу 24-июлда жубайы Гуллала Хасанова менен байланышкан. Ал учурда Сахатов дагы эле депортациялык борбордо болчу.
28-июлда Хасанова Синоп шаардык полициясына кайрылып, жолдошунун жоголгону тууралуу билдирүү жасаган. Полиция тергөө иштерин баштаган.
Полиция берген маалымат боюнча, 28-июлга карата Сахатов да, Орусов да Түркиянын чек арасынан чыккан эмес жана өлкөдөгү камак жайларында жок болгон. 29-июлда Синоп шаарынын прокуратурасы жоголгон блогерлер боюнча кылмыш ишин козгогон.
HRW: "Иликтөө иштери Түркияда бул адамдардын мыйзамсыз камакта болушу же түркмөн атайын кызматтары же алардын шериктери тарабынан кармалып турушу мүмкүн экенин да эске алышы керек",- деп билдирди.
Абдулла Орусов — Түркмөнстандагы бийликтин саясатына жана күч органдарынын аракеттерине каршы чыккан блогер катары белгилүү. Ал өзүнүн блогунда Түркмөнстандын укук коргоо органдары тарабынан жарандарга карата болгон кысым, репрессия жана адилетсиз мамилелер жөнүндө видео жана маалыматтарды жарыялап турган.
Орусов элдин арыз-муңун чагылдырган видеолорду жарыялап, жөнөкөй жарандардын үнүн коомчулукка жеткирүүгө аракет кылган. Анын ишмердүүлүгү Түркмөнстанда тыюу салынган жана кооптуу болуп саналат.
