Трамп: "Суу алдындагы атомдук кайыктар Орусияга жакыныраак жайгашты"
АКШнын президенти Дональд Трамп кайра жайгаштырылган суу астындагы эки атомдук кайык азыр "керектүү аймакта" экенин билдирди. Бул тууралуу РБК кабарлады.
"Мен муну мурда эле айткам. Атомдук суу алдындагы кайыктар азыр болушу керек болгон аймакта жайгашкан",- деди Трамп.
Бирок кайсы аймак экени так айтылган жок. Жума күнү Трамп Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведевдин билдирүүсүнөн кийин суу алдындагы эки атомдук кайыкты "тиешелүү аймактарга" жөнөтүү боюнча буйрук бергенин жарыялаган. Кийинчерээк Трамп бул кайыктар эми "Орусияга жакыныраак" жайгаштырылганын белгиледи.
Ал ошондой эле сөз ядролук курал тууралуу болгондо, АКШ ар дайым даяр болушу керек экенин кошумчалады.
Ал эми антиорусиялык санкциялар боюнча мыйзамдардын автору жана Трамптын саясий өнөктөшү, сенатор Линдси Грэм президенттин бул чечимин "тынчтыкты сактоого умтулуу" катары түшүндүрдү.
"Сураныч, түшүнүп коюңуздар: ал Обама да эмес, Байден да эмес. Трамп менен тамашага жол жок. Сиздер аша чаап жатасыздар",- деп жазды сенатор социалдык тармактагы билдирүүсүндө.
