Денис Петрашов дүйнө чемпиондугунан Кыргызстанга кайтып келди (фото)





Бүгүн, 4-августта Сингапурда өткөн сууда сүзүү боюнча дүйнө чемпиондугуна катышкан Кыргызстандын курама командасынын мүчөлөрү Денис Петрашов жана Айымкыз Айдаралиева Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Спортчуларды “Манас” эл аралык аэропортунан Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Мелис Тобокелов, спортчулардын жакындары жана күйөрмандары тосуп алды.
Эске салсак, Сингапурда өткөн чемпиондукта кыргызстандык спортчу Денис Петрашов 100 метр брасс стилинде сүзүүдө мыкты жыйынтык көрсөтүп, 3-орунду ээлеп, коло медалга ээ болгон. Айымкыз Айдаралиева 100 метр эркин сүзүү боюнча жарышка түшүп, анда жалпысынан 84 спортчу катышкан. 15 жаштагы кыргызстандык спортчу экинчи жарышта старт алып, 5-орунду ээлеп, 1 мүнөт 01,45 секунддук натыйжа көрсөтүп, 61-орунду ээлеген.
