ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 4-августтан 10-августка чейин
КОЙ
(21.03–20.04)
Жайдын ысык аптабында кайда барып эс алуу планы алдынкы орунга чыгат. Бул планды ишке ашыруу үчүн жоро-жолдошторду кошконуңуз жакшы болмокчу. Аптадагы көтөрүңкү маанай, позитивдүү көз карашыңыз айланадагыларга да “жугат”. Жумушта “мен кыйынмын” деп өзүңүздү ачык көрсөтүүнүн кереги жок. Түгөйүңүз сиз күтпөгөн жагымдуу кадам жасашы мүмкүн. Чыгармачылыкка кызыккандар үчүн эргүү берген жагдайлар орун алат. Балдарыңыздын ийгилигине кубанасыз.
БУКАЧАР
(21.04–20.05)
Дүйшөмбү, шейшемби күндөрү уюштуруучулук жөндөмүңүз артат, андыктан дал ушул күндөрү оор делген жумуштарды аткарганга аракет кылыңыз. Аптанын калган күндөрү жан дүйнө жыргалчылыгын көздөп, үй-бүлөңүздүн кызыкчылыктарын ишке ашырганга каалооңуз күчөйт. Жолуңуздан чыккан муктаж адамга кайрымдуулук жасаганды унутпаңыз. Бош убактыңызды үй тазалоо, чарба иштерин иретке келтирүү, оңдоп-түзөө иштерине арнаганыңыз жакшы.
ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)
Эгиздер шаңдуу компания менен биргеликте кызыктуу эс алуу күндөрүн өткөрүшмөкчү. Бул убакыттан пайдаланып энергия топтоп, ойлоруңузду тазалап, иретке келтирип алууга аракет кылыңыз. Ден соолукка көңүл буруп, дарыгердин кабыл алуусунда болуу ашыкча болбойт. Алыстан коноктор келүүсү мүмкүн. Унаа айдагандар жолдо сак болуусу керек. Жумушта маселе жаралганда сөзгө эмес, фактыларга таянганга аракет кылыңыз, болбосо күнөөсү жок адамга жалаа жабылып калат.
БӨЙӨН
(22.06–22.07)
Үйгө электр жабдыктарын же уюлдук телефон сыяктуу электроника сатып алам деп турсаңыз, бул аптада соодаңызды ийгилик коштойт. Анан саякатка чыкчулардын да жолу шыдыр болмокчу. Бейшемби, жума күндөрү күмөндүү иштерге катышуудан, мыйзам бузуудан, документ иштеринен абайлаңыз. Колуңузда турган акчаны көбөйтүү мүмкүнчүлүгү жаралат. Дем алышта көпкө чейин эсте кала тургандай окуялар орун алат, санааркабаңыз, ал окуялар позитивдүү маанайда болмокчу.
АРСТАН
(23.07–23.08)
Дүйшөмбүнү ой жүгүртүүгө, өткөн-кеткен окуяларды анализдөөгө арнап, тынч өткөргөнүңүз туура. Шейшемби, шаршемби, тескерисинче, сизди курчагандар көп болот, пайдалуу сүйлөшүүлөр, маалымат алмашуулар орун алмакчы. Туугандардан конокко чакыруу аласыз. Пландалбаган нерсеге акча короп, капчыгыңыз жукарышы мүмкүн. Бойдокторду кызыктуу таанышуулар күтөт, таанышуунун аягы романтикалык багытка бурулбаса да, жакшы дос табышыңыз ыктымал.
БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)
Өткөнкү жумада бүтпөй калган иштер, суроолор бул аптанын башында тынчыңызды алат. Түгөйүңүзгө таарынбаңыз, келишпестик жаралса оюңузду ачык айтып сүйлөшкөн туура. Бул күндөрү алыскы сапарга чыкпай эле туруңуз, анын ордуна жыйылган иштерди бүтүрүңүз. Кабары билинбей кеткен адам жашооңузда кайрадан пайда болот. Аптанын аягында эмоционалдык абалыңыз туруксуз, бардык нерсеге сезимтал болуп калганыңызды байкайсыз. Сизге толук кандуу эс алуу керек.
ТАРАЗА
(24.09–23.10)
Аптанын биринчи жарымы активдүү ишмердүүлүк үчүн ыңгайлуу. Бул аралыкта чогулган каражатыңыз болсо инвестиция жасаганыңыз жакшы. Бейшемби, жума күндөрү сүйүү энергиясы ачылат, бойдоктор издеген адамына жолугуп, түгөйлүүлөр мамилесин бекемдесе болот. Келбетиңизге өзгөртүү киргизүүнү кааласаңыз, тобокелдикке баргандан коркпоңуз. Сиз көптү күткөн адам ишеничти актай албайт. Аптанын соңунда эс алуудагы жан шеригиңиз жагымдуу музыка болсун.
ЧАЯН
(24.10–22.11)
Үй иштери менен алек болосуз, бул аракетиңизде башкалардын жардамына кайрылышыңыз мүмкүн. Өнөкөт оорулар козголушу күтүлөт, андыктан алдын алчу чараларды жасап, туура тамактанууга өтүңүз. Гардеробго көңүл буруп, эскилерин жоготуп, жаңыларга орун бошотуңуз. Кызыктуу иш-чарага чакыруу аласыз, баш тартпай барыңыз, өкүнбөйсүз. Бирөөнүн сырын башкага айтып алуудан абайлаңыз. Эс алуу күндөрүнө план түзбөй эле туруңуз, башкалардын планына кошулушуңуз ыктымал.
ЖААЧЫ
(23.11–21.12)
Аптада кызуу кандуулукка алдырбаңыз, анткени сиздин чыдамдуулугуңузду текшерген жагдайлар орун алат. Шашылыш, так кесе чечим кабыл алуудан да качыңыз. Бул чечим жумуш алмаштыруу, саякатка чыгуу багытында болушу мүмкүн. Эс алуу тууралуу ойлоносуз, көптөн бери чогулган стресстен, эмоционалдык чыңалуудан арылуу үчүн чынында эле эс алган туура. Достордун бири “сатып” кетиши мүмкүн, капаланбай, бул жагдайды тажрыйба катары кабыл алыңыз.
ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)
Аптада үзүлүп түшүп кеңеш айткандардан, бир нерсе кылууга үндөгөн адамдардан сак болуңуз. Анан да интернет алдамчылардын тузагына түшүүдөн да абайлашыңыз керек. Шаршембиде бүтпөгөн жумуштарыңыз бүтүп, маанайыңыз көтөрүлөт. Кубанычтуу кабар угасыз. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн керектөөсүн толуктап, базарга соода-сатыкка чыгышыңыз күтүлөт. Сизге бересе адам карызын бериши күтүлөт. Жакын адамыңыздын үйүндөгү иш-чарада кызмат кылышыңыз мүмкүн.
СУУ КУЯР
(21.01–19.02)
Эгер түгөйүңүз менен таарынышып жүрсөңүз, биринчи кадам жасап элдешүүгө аракет жасаңыз. Болбосо кичине чырдын аягы чоң чырга айланып кетет. Бейтааныш адамдардан пайдалуу маалымат алып, аны өз кызыкчылыгыңызга колдоно аласыз. Лидерлик сапатыңызды толугу менен көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк жаралат. Үйдөн сырткаркы жумушуңуз канчалык көп болбосун, үй-бүлөнүн кызыкчылыгын алдынкы планга чыгаруу керек. Апта соңу жолугушууларга, маектешүүлөргө бай болот.
БАЛЫК
(20.02–20.03)
Аптада каржылык суроолор көңүлүңүздү бурат. Аны чечүү максатында кошумча жумуш издешиңиз мүмкүн. Шаршемби эмне пландасаңыз да ийгилик менен ишке ашат. Ден соолукка көңүл буруңуз, айрыкча өнөкөт ооруларыңыз болсо. Башкалардын жумушун өз моюнуңузга албаңыз, адатка айланып кетет. Тамак-аш жасоодо электр приборлору менен иштегенден сак болуңуз. Аптанын аягында романтикалык кездешүүнүн аягы жаңы сүйүүгө айланышы мүмкүн.
