super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Санарип кодексине кол койду

 

Президент Садыр Жапаров Санарип кодексине кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Санарип кодекси 18-июнда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Санарип кодекси санарип мейкиндикте адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоо жана ишке ашыруу, Кыргызстандын санарип экономикасын өнүктүрүү үчүн жагымдуу укуктук шарттарды түзүү, ошондой эле өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жакшыртуу максатында кабыл алынган.

Алсак, Санарип кодекси менен төмөнкүлөр каралган:

1) санарип чөйрөсүндө укуктук жөнгө салуунун негиздери;

2) санарип чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу тууралуу жоболор;

3) санарип чөйрөсүндө атайын жөнгө салуу тууралуу жоболор;

4) санарип чөйрөсүндөгү субъекттердин өз ара аракеттенүү тартиби;

5) санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери жана объекттери тууралуу жоболор;

6) санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин пайда болушунун, өзгөрүшүнүн, токтотулушунун негиздери;

7) санарип дайындарын иштеп чыгуу, жеке дайындарын иштеп чыгуу тартиби;

8) санарип сервистер, телекоммуникациялык сервистер, санариптик технологиялык тутумдар тууралуу жоболор;

9) телекоммуникациялык тарамдар тууралуу жоболор;

10) санариптик технологиялык тутумдардын ээлеринин өз ара жана мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү тартиби;

11) жасалма интеллект тутумдары тууралуу жоболор;

12) санарип чөйрөсүндөгү мамилелердин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу тартиби ж.б.

Санарип кодекси расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: