Ливандын премьер-министри: "Бейрут портундагы жарылуу боюнча адилеттик алигиче орной элек"
Ливандын премьер-министри Невваф Селам 2020-жылы болгон Бейрут портундагы коркунучтуу жарылууга байланыштуу адилеттик азыркы күнгө чейин орногон жок жана күнөөлүүлөр жоопко тартылбай келе жатат деп билдирди. Бул тууралуу ал аталган жарылуунун кесепеттери талкууланган панелде сүйлөп жатып айтты.
"Бүгүн биз жакынкы тарыхыбыздагы эң кайгылуу учурлардын бирин эскерип жатабыз. Бул окуя курман болгондордун жана жабыркагандардын жакындарын гана эмес, бүтүндөй өлкөнүн жүрөгүн жана абийирин жарадар кылган",- деди премьер-министр.
Селамдын айтымында, жарылууга жооптуу адамдардын жазалануусу жөн гана коомдук талап эмес, бул улуттук маанидеги маселе.
"Жабыр тарткандардын жарасы дагы деле жазыла элек. Себеби адилеттик камсыздалган жок, күнөөлүүлөргө эсеп суралбай жатат",- деди ал.
Селам Ливанда кубаттуу, адилеттүү, эгемендүү жана эркин мамлекетти курууну көздөп жатышканын белгилеп, өлкөнүн бардык аймагында эгемендүүлүктү өз күчү менен камсыз кылууну жана Израилдин баскынчылыгын токтотууну каалашарын билдирди.
"Адилеттик жок жерден жарандык болбойт, мамлекеттин баалуулугу болбойт. Мыйзамсыз мамлекет болбойт, сотсуз мыйзам болбойт, жоопкерчилик болбосо сот болбойт. Жоопкерчилик болбосо эгемендүүлүк болбойт. Жоопкерчилик болбосо реформалар болбойт. Жоопкерчилик болбосо укуктук мамлекет болбойт",- деп кошумчалады ал.
Маалымат үчүн: 2020-жылдын 4-августунда, Бейрут портунда сакталган жарылуучу заттар менен толтурулган кампада өрт чыгып, андан соң катуу жарылуу болгон. Жарылуу 235тен ашуун адамдын өлүмүнө, 6000ге жакын жарандын жаракат алышына себеп болгон. 300 миңден ашык адам үй-жайсыз калган.
Бирок 2023-жылдын 25-январында Ливандын ошол кездеги апелляциялык сотунун башкы прокурору Гассан Увайдат порттогу жарылууга байланыштуу буга чейин соттолуп, камакта отурган бардык адамдарды бошотуу чечимин чыгарган. 2023-жылдын 13-июнунда Британиянын Жогорку Соту Лондондо катталган компанияны жооптуу деп таап, кээ бир курмандыктардын жакындарына жана жаракат алгандарга компенсация төлөөнү милдеттендирген.
Amnesty International 2023-жылдын 3-августунда жарыялаган билдирүүсүндө, бир да адам жарылуу үчүн расмий күнөөлүү деп табыла элек экенин билдирген.
