IOI-2025: Кыргызстандын окуучулары 2 коло медалга ээ болушту
27-июлдан 3-августка чейин Боливиянын Сукре шаарында өткөн XXXVII эл аралык информатика олимпиадасында (IOI) Кыргызстандын улуттук командасы 2 коло медаль жеңип алды. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта Агартуу министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, олимпиадага 84 өлкөдөн 330 окуучу, анын ичинде Кыргызстандан 3 окуучу катышты.
Коло медалга "Сейтек STEM" мектебинин 11-классынын окуучусу Алихан Айдарбеков менен Ош шаарындагы Сема лицейинин 9-классынын окуучусу Абдуллахан Абдирасулов ээ болду.
Ал эми Ош шаарындагы Сема лицейинин 9-классынын окуучусу Али Арапов Ардак грамота менен сыйланды.
Окуучуларды Кылычбек Урайымов, Айдар Мундузбаев жана Тенгиз Беккойонов даярдашты.
Жалпы командалык орточо упай боюнча Кыргызстан 33-орунду ээлеп, өзүнүн билим деңгээлин дүйнөлүк деңгээлде тастыктады.
