Колумбиянын экс-президенти алдамчылык боюнча 12 жылга үй камагына кесилди
Колумбиянын мурдагы президенти Альваро Урибе күбөлөргө кысым жасоо жана алдамчылык боюнча 12 жыл үй камагына кесилди. Бул мурдагы президент соттолгон өлкөнүн тарыхында биринчи окуя болуп жатат.
Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, Боготадагы сот 73 жаштагы саясатчыга мамлекеттик кызматтарда иштөөгө тыюу салды жана ага 578 миң доллар айып пул төлөөнү милдеттендирди.
2002–2010-жылдар аралыгында өлкөнү башкарган Урибе оңчул куралдуу топтор менен байланышы бар деген айыптоолорго карабастан, популярдуулугун сактап келет. Ал айыптоолорду четке кагып, соттун чечимине нааразы экенин жана аны жокко чыгаруу үчүн даттанарын билдирди. Ал ишти "оппозициянын үнүн басуу аракеттери" деп атады.
Сот аны 13 жылга созулган тергөөнүн жыйынтыгында эки факт боюнча күнөөлүү деп тапты. Мурдагы куралдуу топтун камактагы мүчөлөрүнүн көрсөтмөлөрүнө ылайык, Урибенин адвокаты Диего Кадена жалган күбөлүк берүү үчүн аларга акча сунуштаган. Кадена күнөөсүн мойнуна алган жок, бирок ал да жогорудагы иш боюнча айыпталууда.
