super.kg logo

TJP: "Израилге ХАМАС менен жаңы келишим түзүү үчүн бир нече ай талап кылынат"

 

Израил менен АКШга ХАМАС кыймылы менен жаңы келишимге жетишүү үчүн бир нече ай талап кылынышы мүмкүн. Бул тууралуу The Jerusalem Post басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, АКШ президентинин атайын элчиси Стив Уиткофф Израилге болгон сапарында Израил менен АКШ чыр-чатакты жыйынтыктоочу келишимдин үстүнөн иштеп жатканын билдирген.

The Jerusalem Post басылмасы белгилегендей, ХАМАС сүйлөшүүлөргө катышуу үчүн алгач Газага гуманитардык жардам ташыган жүздөгөн жүк ташуучу унаалардын кирүүсүн талап кылууда.

Мурдараак Haaretz басылмасы Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ХАМАСка ультиматум коюуну пландап жатканын кабарлаган. Ага ылайык, Израил ХАМАСтан туткундарды бошотуу боюнча келишим түзүүнү же анклавдын аннексиясын талап кыла турганын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: