super.kg logo
  Саясат  

Касымалиев мамлекеттик кызматкерлерди кан тапшырууга чакырды

 
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик кызматкерлерди кан тапшырууга чакырды. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайыр Орунбеков билдирди.
Маалым болгондой, Адылбек Касымалиев мамлекеттик кызматкерлерди кан тапшырууга жана ыктыярдуу донор болууга чакырып, бул багытта активдүү жарандык позицияны көрсөтүүгө үндөгөн.
Касымалиевдин айтымында, кан тапшыруу – адамдын өмүрүн сактап калууга жардам берген асыл иш.
"Ар бир тамчы кан – бул кимдир бирөө үчүн жашоо. Мамлекеттик кызматкерлер коом алдында үлгү болушу керек",- деп билдирген Адылбек Касымалиев. Ал ошондой эле мамлекеттик мекемелерде кан тапшыруу өнөктүктөрүн уюштурууну жана кызматкерлерге бардык шарттарды түзүүнү тапшырды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: